Кошмо Штаттар ооган өкмөтү жана «Талибан» туткундарды бошотууга «мүмкүн болушунча эртерээк» киришүүгө тийиш экенин билдирди. Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад «коронавирус пандемиясы бул ишти ыкчамдатууга дагы бир негиз болууда» деп «Твиттерге» жазды.
29 февралда АКШнын өкүлү жана «Талибандын» жетекчилиги кол койгон келишимге ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек. «Талибан» да алардын колундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш. Андан кийин гана оогандардын ички диалогу башталмак.
Кабул менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келаткан «Талибан» согушкерлери бошотулмайынча ооган өкмөтү менен жолукпай турганын эскертүүдө. Тынчтык келишимине катышпаган Кабул талибдерди коё берүүгө каршы болгон.
Өткөн аптада президент Ашраф Гани 1 миң 500 талибди бошотууга, калгандарын «Талибан»менен тынчтыкка жетишип, зомбулук токтогондо өткөрүп берүүгө макул болгон. Бирок 15-мартта өкмөттүн өкүлү туткундарды бошотуу жараяны кийинкиге калганын жарыялаганан кийин тынчтык процесси да бүдөмүк абалда калды. Кабул өкмөтү бошотула тургандардын тизмесин карап чыгууга кошумча убакыт талап кылынарын айткан.