Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Пакистанда Сауд Арабиясынан жана Дубайдан кайткан эки киши коронавирустан көз жумду


Исламабад. 18-март, 2020-жыл.
Исламабад. 18-март, 2020-жыл.

Пакистандын бийлиги сопулардын Исламабаддагы ыйык жайларын, өлкө аймагындагы музейлерди, археологиялык, туристтик жерлерди жабууну чечти. Мектептер буга чейин жабылган.

Коронавируска чалдыккан кишилердин саны өлкөдө 301ге чыгып кетти. Бейтаптардын көбү Ирандагы ыйык жайларга зыяратка барып келген. 18-мартта вирустун биринчи курмандыктары катталды. Сауд Арабиясынан жана Дубайдан кайтып келген эки пакистандык ушул илдеттен көз жумду.

Балучистан аймагында Ирандан кайтып келген миңдеген киши, негизинен зыяратчылар карантинге алынды. Бийлик дагы бир топ зыяратчылар карантинге жөнөтүлөрүн билдирди.

Кошуна Иран - COVID -19 вирусунан эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG