Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Бакуга кирүүгө чек коюлду


Баку шаары
Баку шаары

Азербайжандын башкалаасы Баку, Сумгаит шаарлары жана Абшерон районуна кирүү азырынча 29-мартка чейин чектелди.

Өкмөттүн бейшембиде чыккан чечими коронавирустун тарашын ооздуктоону көздөйт. Ал аймактарга "Тез жардам" машинелери, жүк ташыган машинелер, куткаруучулар гана өтө алышат.

Өлкөнүн калган жерлери менен байланыштырган темир жол каттамы убактылуу токтотулду.

Азербайжанда бейшембиге карай коронавируска чалдыккан 34 киши катталып, бирөө көз жумган.

16-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген кошуна Арменияда вирусту 115 киши жугузуп алганы расмий тастыкталды.

Грузияда бул сан 40 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG