Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:02

«Замандаш»: Орус-казак чек арасында балдары менен 150 кыргызстандык өтө албай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Замандаш» ассоциациясы Кыргызстандын 150 жараны Орусиядан мекенине кайта албай, орус-казак чек арасындагы «Сагарчин» көзөмөл бекетинде турганын билдирди.

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Урмат Жамгырчиевдин айтымында, алар үйүнө кайтып келаткан, бирок чек ара жабылып калгандыктан үч күндөн бери чек арада турушат. Арасында аялдар жана балдар бар.

«Кайра Москвага кайта алышпайт, себеби акчасы жок жана Орусияда жүрүүгө уруксат мөөнөтү аяктап калган», деп билдирди ассоциация.

Бул маселени 19-мартта Жогорку Кеңеште айрым депутаттар да көтөрүп, алардын кайтып келишине өкмөт жардам бериши керек экенин айтышты.

Коронавирус илдетине байланыштуу Орусия да, Казакстан да чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын жаап койгон. Орусияда миллионго жакын кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG