Тажик бийлиги өлкөдө тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деп шек саналган 300дөн көп кишини аныктады, жарымы кармалды. Бул тууралуу бейшемби күнү башкы прокурор Юсуф Рахмон билдирди. Камакка алуу быйыл январда башталган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын мугалимдери, студенттер, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, ишкерлер бар.
Айрым активисттер кармалгандарга жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына, көз каранды эмес адвокаттардын берилбей жатканына кабатыр болуп жатышат. «Үч ай өтсө да, тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат ачыкка чыгарылбай, иштер сотко өткөрүлө элек» дешет укук коргоочулар.
«Мусулман агайындар» уюму 2006-жылы Тажикстанда Жогорку соттун чечими менен «кара тизмеге» киргизилген. Бул диний-саясий уюм 1928-жылы Египетте негизделген. Көп өлкөлөрдө террордук деп таанылып тыюу салынган.