Финансы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты. Министрликтин маалыматына караганда эсепке улуттук валютадан тышкары чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар да кабыл алынат. Эсепке түшкөн бардык каражаттар Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген иш-чараларга жумшалат. Эсептин номери: 4402011000101373
Кыргызстанда айрым ишкер, депутаттар өкмөткө жардам иретинде акча которо баштады. (TSh)