Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

ӨКМ: Өзгөчө абал киргизүүнүн зарылчылыгы жок


Сузак району.
Сузак району.

Кыргызстанда жалпы өзгөчө абал жарыялоого негиз болчу коркунуч жок. Бул тууралуу 19-мартта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов билдирди. «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып ал өлкөдө мындай жалпы тартип жарыялоонун мыйзамдуу негиздерин түшүндүрүп берди:

«Эгерде бир райондо экиден ашык айылда кооптуу жагдай түзүлсө, ошол райондо өзгөчө абал режими киргизилет. Экиден ашык райондо чыкса облустук, бир облуста коркунуч пайда болсо республикалык деңгээлде өзгөчө абал жарыяланат».

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталбаганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG