Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Атамбаевдин съездин мыйзамсыз деп таануу боюнча арыз кайра каралган жок


Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери КСДПнын жыйынынан кийинки басма сөз жыйынында. 6-апрель, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери КСДПнын жыйынынан кийинки басма сөз жыйынында. 6-апрель, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси катары катталган Сагынбек Абдрахмановдун арызын кароодон баш тарткан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сагынбеков партиянын аны колдобогон мүчөлөрүнүн 2019-жылдын 6-апрелиндеги съездин мыйзамсыз деп таануу тууралуу арыз менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна ошол жылдын жайында кайрылган. Бирок райондук сот быйыл 24-январда арызды жазып тапшыруу эрежелери сакталбагандыктан, мамлекеттик төлөм тууралуу кагаздар жана дарек туура эмес көрсөтүлгөндүктөн аны кароодон баш тартып койгон.

Абдрахманов арызды карабай коюуга негиз жок болчу деп эсептейт.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги аны 2019-жылдын 18-апрелинде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин жазык жообуна тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан.

КСДПнын мурдагы лидери Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2019-жылдын август айында ал «Коррупция» беренеси менен камакка алынган. Ошол эле жылдын жазында, 6-апрелде Бишкекте партиянын Атамбаевди колдогон мүчөлөрү жабык съезд өткөрүп, саясий кеңештин курамы өзгөргөнүн жарыялашкан.

Атамбаевди жактагандар эгер Абдрахмановдун арызы сотто канааттандырылбаса Юстиция министрлиги КСДПнын төрагасы катары аны эмес, Асел Кодуранованы жазышы керек болорун айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG