Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Орус Конституциясындагы өзгөртүүлөр боюнча Европа кеңешине кайрылуу жөнөтүлдү


Санкт-Петербургдагы акция. 15-март, 2020-жыл.
Санкт-Петербургдагы акция. 15-март, 2020-жыл.

Орусия Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө жана аларды кабыл алуу процедурасына укуктук экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү жүз миңден көп киши колдоду. Кайрылуу Европа кеңешине жөнөтүлгөн. Адегенде петицияга орусиялык 120 юрист, укук коргоочулар, эксперттер менен демократиялык оппозиция өкүлдөрү кол коюшкан. Документте Баш мыйзамды өзгөртүү «демократиялык эмес бийликтин кубатын күчөтүүдө», «өлкөнүн демократиялык Европадан обочолонуусуна алып келет» деп айтылат.

Кайрылуу авторлорунун пикиринде, алымча-кошумчалар бийликтин алмашып туруу приницибин жоюуда. Ал эми аларды кабыл алуу процедурасы азыркы «Конституцияга жана мыйзамдарга, ошондой эле элдик плебисциттерди өткөрүүнүн эл аралык стандарттарына туура келбейт».

Январда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү туурасында демилге көтөргөн президент Владимир Путин сунуш парламентте, андан соң реферундумда жактырылууга тийиш экенин айткан. Бирок Конституцияда мындай норма каралган эмес.

Өзгөртүүлөр Путинге 2024-жылы да президенттикке ат салышууга, жеңсе, 2036-жылга чейин эки мөөнөт бийликте калышына жол ачат. Оппозиция, бир катар коомдук ишмерлер жана юристтер бул өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келерин айтып сындашса, Конституциялык сот андай карама-каршылык жок деген бүтүм чыгарды. Орусиянын шаарларында нааразылык акциялары уланууда. Полиция катышуучуларды маал-маалы менен кармап кетип жатат.

XS
SM
MD
LG