Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн. доллар сатты


Валютанын учурдагы абалы. Бишкек. 19-март, 2020-жыл.
Валютанын учурдагы абалы. Бишкек. 19-март, 2020-жыл.

Борбордук банктын сайтындагы маалыматка караганда бул - 19-мартта валюта базарына чыгарылган акчанын суммасы.

Мурдараак Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Азаттыктын» «Арай көз чарай» программасында интервенцияга байланыштуу соода сессиясы 19-март күнү саат 19:00гө чейин узартылганын маалымдаган. Анын айтымында, валюталардын кымбатташы - ири экономикалык өлкөлөрдүн жана коңшулаш мамлекеттердин валюталарындагы кескин серпилүүгө байланыштуу. Ушундан улам Кыргызстандын ички валюта базарында чет элдик валюталарга суроо-талап күч алган.

19-март күнү түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сата башташты.

Бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармаш үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG