Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 17:03

Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерин кайтарууга аракет кылууда


Мухиддин Кабири, Германия. 10-июль, 2017-жыл.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Евробиримдик мамлекеттери менен тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабирини жана партиянын башка мүчөлөрүн экстрадициялоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. Бирок сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы айтылган жок.

Кабири 2015-жылдан бери чет жакта жүрөт. Тажикстандын Жогорку соту аны 2018-жылы узак мөөнөткө эркинен ажыраткан өкүмдү сыртынан чыгарган. Бийлик Кабирини кылмыштуу уюм уюштуруу, киши өлтүрүү, куралдуу козголоң жана башка кылмыштар үчүн айыптуу деп эсептейт.

Партиянын бозгундагы жетекчилиги дооматтарды жана анын лидерине чыккан өкүмдү айыптаган. Партия ошондой эле тажик бийлиги аларды саясий сахнадан сүрүп чыгарыш үчүн террордук деп атаганын айтып келатат.

Ал ортодо бир жыл мурун Интерпол Кабирини издөө салынган адамдардын тизмесинен чыгарган.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG