Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

COVID-19дан он мүнөт сайын бир ирандык көз жумат


Тегеран. 18-март, 2020-жыл.
Тегеран. 18-март, 2020-жыл.

Иранда быйылкы Нооруз адаттагыдай майрамдалбайт. 19-марттагы маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта коронавирустан 149 бейтаптын өлүмү катталды. Ошону менен бул илдет Иранда 1 284 кишинин өмүрүн алып кетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Алиреза Раиси шаршембиден бери вируска чалдыккан дагы 1 046 киши аныкталганын билдирди. Ислам Республикасы инфекциялангандардын саны боюнча Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү орунда турат.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу маалымат борбору статистиканы чечмелеп, ал COVID-19дан ар 10 мүнөттө бирден ирандык көз жумарын, ар бир саатта 50 киши инфекцияланганын көргөзөрүн билдирди.

Бийлик 20-мартта башталып жаткан майрам учурунда элди үйүнөн чыкпоого чакырды. Салт боюнча миңдеген ирандыктар Ноорузду туугандары, жолдоштору менен майрамдашат.

Буга чейин Тегеран өкмөтү мектептерди жаап, маданий, спорттук иш-чараларга тыюу салган, диний жөрөлгөлөрдү чектеген.

XS
SM
MD
LG