Кэмп-Давид аймагында өтмөкчү болгон жыйын коронавирустан улам мөөнөтү жылдырылганын Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Жадд Дир маалымдады. Анын сөзүнө караганда, июнь айында боло турган жыйын апрель же май айларында видеожыйын катары онлайн өтмөкчү.
Бул тууралуу «Чоң жетинин» мүчөлөрүнө кабар берилди. «Чоң жетиге» АКШ, Германия, Канада, Франция, Италия, Жапония жана Британия кирет.