Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Тажикстанда мечиттерде намаз окууга кайрадан уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Дин, каада-салт жана салтанаттар комитети 20-марттан тартып мечиттерде жапырт намаз окууга кайрадан уруксат берди. Коронавирус коркунучунан улам 5-мартта жамаат менен жума намаз окууга тыюу салынган.

Комитет намазга жыгылуу учурунда жарандар бардык санитардык нормаларды сакташы керек экенин эскертти.

Мечиттерде намаз окууга тыюу салынганда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары окуу жайлары, ресторандар, соода борборлору жана стадиондор жабылбай иштеп жатканына нааразы болушкан.

Дүйшөмбү шаарында Нооруз майрамынын айрым массалык жүрүштөрү, аш жармаңкеси токтотулганы менен көкбөрүгө даярдык, майрамдык жармаңке уланууда.

XS
SM
MD
LG