Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Министр: обсервация үчүн 2290 орун даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабарлады. Министрдин айтымында, 14 күндүк обсервацияда 410 киши жатат. Анын ичинде коронавирус илдети 18-мартта аныкталган үч жаран менен кошо бир учакта келген 142 киши да бар. Умрадан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта кабарланган. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

Коронавирус аныкталган адамдардын кичи мекени болгон Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирус илдети тездик менен дүйнөгө тарап, үч айдын ичинде дээрлик он миң кишинин өмүрүн жалмады. 20-мартка карата оору дүйнөнүн 156 өлкөсүндө катталды. Акыркы суткада илдеттен 997 киши жарык дүйнө менен кош айтышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG