20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган үч жаран учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын, ал эми буга чейин аныкталган үч киши Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди. Алтоонун тең абалы канааттандырарлык.
«Азыр текшерүүдөн өтүп, бардык диагнозу аныкталып жатат. Азыр аларда клиникалык белгилер жок. Ал эми буга чейин аныкталгандар тийиштүү изоляциядагы палатада, тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Оорулар козголуп кетпеши үчүн вируска, бактерияга каршы дарылай баштадык. Алардын дене табы көтөрүлүп, түшүп жатат. Абалы канааттандырарлык», - деди Чолпонбаев.
Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.
Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген. (TSh)