Кыргызстандын аймагында соңку сутка ичинде эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 19-мартта саат 20:56да Тажикстандын аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу жана Дароот-Коргон айылдарында үч баллга чейин сезилди.
20-мартта саат 06:49да Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз, Кажы-Сай, Туура-Суу айылдарында беш балл, Төрт-Гүл, Темир-Канат, Эшперов, Көк-Сай, Ак-Сай айылдарында төрт, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак, Каро-Коо, Бар-Булак айылдарында үч жана Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында үч баллга чейин сезилди.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)