Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Ноокаттын айрым айылдарына кирчү жолдорго тосмо коюлду


Ноокаттын Өсөр айылы. 20-март, 2020-жыл.
Ноокаттын Өсөр айылы. 20-март, 2020-жыл.

Үч тургуну коронавируска чалдыкканы аныкталган Ноокат районунун Өсөр айылына кетчү жолдор жабылды. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, тосмолор райондун башка да бир нече айылына коюлду. Жөө жүргүнчүлөрдүн жана машинелердин кирип-чыгышына чектөө киргизилди.

20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган ноокаттык үч тургун учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлады. Ал буга чейин аныкталган сузактык үч адам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.

18-мартта Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланган. (DU)

XS
SM
MD
LG