Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Өмүрбекова: Ноокатта коронавирус жуккан үчөө тең аял


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Коронавирус илдетине чалдыккан ноокаттык тургундардын үчөө тең аял, алар жакында кичи ажылыкка барып келишкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун жугуштуу илдет жаңы аныкталган үч кыргызстандыктын тек-жайы тууралуу суроосуна жооп берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди:

«Кувейттен Ошко учак менен келген. Үч айым эки айылдан экен. Азыр акимдин буйругу менен Ноокатта өзгөчө абал киргизилди. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Ал жарандар умрага барып, эки рейс менен келишкен».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, илдетке жалдыккандар - 67, 71 жана 77 жаштагылар.

20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган ноокаттык үч тургун учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлады. Министр буга чейин аныкталган сузактык үч адам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди. Маалыматка караганда алтоонун тең абалы канааттандырарлык.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG