Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

ИИМ: Алтынбек Сулаймановдун «оор күндөр келатат» дегени чындыкка жатпайт


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) коронавирус илдетине байланыштуу түзүлгөн абалда Кыргызстанда коомдук тартиптин бузулушуна жол берилбей турганын билдирди. 20-мартта мекеменин басма сөз кызматы «Ыкчам кырдаал толук көзөмөлдө» деген билдирүү таратты.

ИИМ Жогорку кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун айткандарын «эч кандай чындыкка туура келбейт», «биз баарыбыз коомдук тартиптин сакталашына жооптуу экенибизди унутпайлы» деп билдирди.

Министрлик кыргызстандыктарды «чагымчыл, жалган, такталбаган маалымат таратуудан жана сүйлөөдөн карманууга» чакырып, мындай кылгандар жоопко тартыларын эскертти.

«Ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тиртипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объектилер толугу менен коргоого алынды. Убактылуу кармоочу жайларда кармалгандар, кылмышка шектүүлөр жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуу менен кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер жасалууда» деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

20-мартта «Бир Бол» партиясынын жана Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов парламентте сүйлөп жатып:

«Орусия менен Америкада паника башталганда, мен бир жерден окуп калдым, курал-жарак көп сатылыптыр. Демек, алар өзүн коргоого даярданып жатат. Эртең оор күн келе жатат, дүйнөдө. Ачарчылык болуп, кыйынчылык, тартыштык болсо кылмыштуулук күчөйт. Баары көчөгө чыгат, дүкөндөрдү тонойт, ушуга кетип баратат. Ушуга бүт жагынан даяр болушубуз керек», - деп айткан.

Кийинчерээк Сулайманов бул сөздөрүн жарыялаган журналисттерди «аман эле болушсун» деп айыптап, «бизде болот деген ой жок, дүйнөдө ушундай кырдаал түзүлүп жатат, биз да ошого даяр болуп, алдын ала иштерди жүргүзүшүбүз керек деген жакшы ойдо айтылган сөз» болгонун билдирди.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. 18-мартта Сузакта коронавируска чалдыккан үч киши аныкталган. Эки райондо тең өзгөчө абал жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG