Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутуу үчүн 8-апрелге чейин карантинге жөнөтүлдү. Бул тууралуу 20-мартта Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
«Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчёттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Билим берүү мекемелеринде жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт», деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулганына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да ошол мөөнөткө чейин үйүнө жөнөтүлдү.
Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. 18-мартта Сузакта коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталган. Эки райондо тең өзгөчө абал жарыяланды. (RK)