Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска каршы дары тууралуу социалдык тармактар аркылуу тарап аткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. 20-марттагы басма сөз жыйынында министр дары-дармектерди дарыгердин гана кеңеши менен колдонуу туура экенин белгиледи.
«Министр, фармацевт катары сиздерге кайрылам. Санитардык шарттарды аткарып, убагында тамак ичип, иммунитетти кармап тургула. Ал эми дарыны ооруганда гана ичиш керек. Оорубай туруп ар кандай дары ичкендин пайдасы жок, зыяны болушу мүмкүн. Дарыны дарыгердин гана кеңеши менен ичкиле!»- деди Чолпонбаев.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 246 миңден ашып, 10 миңдей адам каза болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери жана дарыгерлер вакцина жок болгондуктан, коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк изоляция экенин белгилешүүдө.
Дал ушул себептен улам алар кишилерди көчөгө чыкпай, үйдө отурууга үндөшүүдө. (TSh)