Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Министрлик: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп баратат


Сузак району. 20.03.2020
Сузак району. 20.03.2020

Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Министрликтин маалыматына караганда, тиешелүү мекемелер учурда коронавирус жуктурган үч ноокаттык менен чогуу учуп келген 282 адамды жана алар менен контакт болгондорду тактоо ишин жүргүзүп жатышат.

19-марта коронавируска чалдыккан дагы үч кыргызстандык аныкталды. Алар Ноокаттын тургундары - 77, 71 жана 67 жаштагы аялдар. Үчөө тең райондук ооруканада жатат.

Коронавирус жуктурган алгачкы үч кыргызстандык Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аныкталганы 18-мартта расмий кабарланган. Алар 70, 62, 42 жаштагы эркек тургундар. Облустук ооруканага жаткырылган үч адамдын тең абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Алар менен чогуу учуп келген 142 адам азыр обсервацияда, контакт болгон 1414 адам үйүндө доктурлардын көзөмөлүндө болууда. Баары тең Кыргызстандын ар кайсы аймактарында.

Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.

Сузакта да, Ноокатта да өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду. (RK)

XS
SM
MD
LG