Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

21-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


21-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 21-мартта күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус болот.

XS
SM
MD
LG