Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Президент Улуттук банкты сомдун туруктуулугун колдоого чакырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүнүн абалын эске алып, улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарыл экенин билдирди. Президент мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда айтты.

«Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетиш керек», - деди президент.

Мамлекет башчы өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына жол бербөө чараларына байланыштуу насыяларын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болгон ишкерлерди колдоого чакырды. Жээнбеков каржы-насыя уюмдары азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кардарларына карыз-насыя төлөөдө жардам бериши зарыл экенин белгиледи.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү экономика, валюта рыногундагы абал тууралу маалымат берди.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ага чейин Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион долларды 72,90 сомдон сатыкка чыгарган. 11-мартта Абдыгулов сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан. 19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Акча алмаштыруучу жайлардын маалыматына караганда, башкы банк бир долларды 84,85 курс менен сатты.

20-мартта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 80-82 сомдон сатылууда, 19-мартта 85 сомго чыгып кеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады. (TSh)

XS
SM
MD
LG