Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Олимпиада оту Жапонияга жетти


Олимпиада отун кабыл алуу салтанаты. 20-март, 2020-жыл.
Олимпиада отун кабыл алуу салтанаты. 20-март, 2020-жыл.

Олимпиада оту 20-мартта Жапониянын Аскер-аба күчтөрүнүн Мацушима базасына жеткирилди. Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүп берүү салтанатына көрүүчүлөр катыштырылган жок.

Токио-2020 оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори Олимпиаданын күн тартибинде өзгөрүү болбой турганын дагы бир ирет белгиледи.

«Эл аралык Олимпиада комитети жана жапон өкмөтү тыгыз кызматташып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеп-кеңештерин угуудабыз. Биз Оюндардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн олуттуу даярдык көрүүдөбүз», - деди Ёсиро Мори.

Өпкөнү сезгенткен коронавирус дүйнөдө 250 миңге жакын адамга жугуп, он миңден ашуун өмүрдү кыйды. Азырынча жаңы вирус кайсы бир убакта күчүн жоготот деген так божомол жок.

Апрель-май-июнь айларындагы айрым эл аралык спорттук мелдештер башка убакытка жылдырылды же токтотулду.

Ушундай шартта июль-август айларына белгиленген Олимп оюндарын жылдыруу тууралуу сунуш да айтылып келет.

Токио-2020 оюндарына көрүүчү жана спортчуларды кошкондо 600 миң чамалуу адам келери күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG