Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ысык-Көлдөгү бардык эс алуу жайлары карантинге жабылмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын 20-марттагы отурумунда кабыл алынды.

«Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу коркунучун азайтыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек», - деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Штабдын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери бар.

Кыргызстандын Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын (үчөө Сузакта, үчөө Ноокатта) баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.

Сузакта жана Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG