Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин Нооруз майрамы менен куттуктап, ынтымакка чакырды. Ал дарыгерлердин, медайымдардын, ооруканалардын жетекчилери менен башка кызматкерлердин оор ишин баса белгиледи.
Хаменеи Мешхед шаарындагы майрамдык иш-чараларга катышып, ошол жакта сүйлөмөк. Бирок коронавирустун жайылышынан улам быйылкы Нооруз Ислам Республикасында адаттагыдай белгиленбей калды.
Бийлик 20-мартта башталып жаткан майрам учурунда элди үйлөрүнөн чыкпоого чакырып келди. Салт боюнча миңдеген ирандык Ноорузду туугандары, жакындары менен чогулуп майрамдашат.
19-марттагы маалыматка ылайык, Иранда коронавирустан 1284 кишинин өмүрү кыйылды. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы маалымат борбору COVID-19 вирусунун кесепетинен ар 10 мүнөттө бир ирандык көз жумарын, ар бир саатта 50 киши инфекцияга кабыларын билдирди.
Буга чейин Тегеран мектептерди жаап, маданий, спорттук иш-чараларга тыюу салган, диний жөрөлгөлөрдү чектеген.