Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы 66 миллион сом бөлдү


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам бериш үчүн 913 миң доллар (66 миллиондон ашык сом) бөлдү. Каражат АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга бөлүнөт.

Алардын биринчиси – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму. Бул уюм коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылып, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо боюнча жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялайт.

Экинчи уюм – «Abt Associates» ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү саламаттык сактоо системаларын чыңдоо» долбоору аркылуу инфекциянын алдын алуу жана аны көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо ооруну контролдоого зарыл кошумча медициналык жабдык сатылып алынат.

Үчүнчү уюм – Кызыл жарым ай коому элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылып, вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

11-мартта USAID Кыргызстандын медицина мекемелери үчүн 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек берген.

Кыргызстандын Cаламаттык сактоо министрлиги 20-мартта өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Жугуштуу илдет табылган алты кыргызстандыктын (үчөө Сузакта, үчөө Ноокатта) баары жакында Сауд Арабиясына умрага барып келишкени белгилүү болду.

Сузакта жана Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. Ошто 20-марттан тартып коомдук транспорт токтомой болду. (RK)

XS
SM
MD
LG