Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы райондун аймагындагы Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган тосмодон сырткары 35 жерге блокпостторду орнотту. Ар бир блокпостто элге тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Милиция жергиликтүү тургундардан коронавирусту жоюу жана алдын алуу аракеттерине түшүнүү менен мамиле жасап, блокпосттордогу өз милдеттерин аткарып жаткан ички иштер кызматкерлерине туура мамиле кылууну өтүнөт.
Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.
18-мартта Сузакта коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталган. Эки райондо тең өзгөчө абал жарыяланды. (MdN)