Ноокат районунда коронавирус табылган үч киши менен байланышкан 169 киши обсервацияга жаткырылды. Райондун акими Давранбек Маматалиевдин айтымында райондун ооруканаларында жалпысынан 700 койка даярдалып коюлду:
"Дагы кандай учурлар катталат азырынча белгисиз. Бирок биз алдын алуу үчүн даярдыктарды көрүп жатабыз. Ноокат району боюнча 700 орун даярдалган. Мындан сырткары тамак-ашы медициналык каражаттар да даяр", - деди аким Давранбек Маматалиев
Ноокат районунда үч кишиден Covid-19 вирусу табылганын 20-мартта Республикалык штаб кабарлаган. Маалыматка караганда коронавирус Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айылдарынан 67, 71 жана 77 жаштардагы аял кишилерде бар экени аныкталган.
Буга чейин коронавирус Сузак районунда үч кишиден аныкталгандыгы 18-мартта айтылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында илдетке кабылган алты кишинин абалы канааттандырарлык.
Ноокат районуна өзгөчө абал 20-мартта киргизилгени менен жергиликтүү базар иштеп жатат, район аралык жол ачык.
Бир күн мурда өзгөчө абал Сузак районуна киргизилген. Covid-19 вирусу дүйнө жүзүндө 246 миңден ашык кишиге жукканы кабарланууда.(DU)