Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Сауд Арабиясы башкы мечиттерин убактылуу жапты


Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити.
Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечити.

Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу жума күндөн тарта Меккедеги Ал-Харам мечитинде, Мединадагы пайгамбар мечитинде намаз окууну белгисиз мөөнөткө токтотту.

Кааба ташы жайгашкан Ал-Харам мечитинин расмий сайтында “жаңы вирустун тарап кетишинен сактануу жана алдын алуу чараларынын негизинде” деп себеби көрсөтүлгөн.

17-мартта Саудиянын бийлиги бардык мечиттерде намаз окууга убактылуу тыюу салган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Сауд Арабияда коронавирусту жуктургандардын саны 300гө жакындады. Падышалык бийлик сырткы чек араларын чет өлкөлүктөр, анын ичинде кичи ажылыкка (умра) барууга ниеттенген зыяратчылар үчүн да жапкан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурганы аныкталган алты киши да Сауд Арабиясына умрага барып келгендер. Алар менен бирге кайткандар да аныкталып, обсервацияга жаткырылууда. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев умрага барып келгендерди үйдөн чыкпоого, эч ким менен байланышпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG