Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

COVID-19: Ысык-Көлдүн кире беришине кошумча посттор коюлууда


Балыкчы шаарынын кире бериши

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Көзөмөл постунда дарыгер, милиция жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушат. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, мындай чара аймакта жугуштуу илдет жайылып кетпеш үчүн көрүлүүдө. Ошондуктан Балыкчы-Бишкек жана Балыкчы-Нарын жолдорунан өткөн адамдарды текшерип, коронавирустун белгиси бар адамдарды аныктап турмакчы. Мындан сырткары Каракол-Бишкек жана Балыкчы-Нарын каттамындагы таксилердин саны кыскартылды.

Ошондой эле облус аймагындагы азык-түлүк базарларынан башка базарлар убактылуу жабылды.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы алты адамда аныкталган. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG