Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстанда коронавирусту жугузгандардын саны 12 адамга жетти


Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, коронавирус жугузуп алгандардардын бешөө Сузак районунда, бирөө Баткен облусунун тургуну. Учурда алар ооруканага жаткырылып, булар менен байланышта болгондор аныкталууда.

Буга чейин Кыргызстанда алты адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Ошентип, жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 12 адам болду. Буга чейин илдетти жугузуп алгандар Сауд Арабиясына умрага барып келген Ноокат жана Сузак районунун тургундары болчу.

Учурда бул райондордо өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдетти жугузгандар менен байланышта болгондор обсервацияга жаткырылган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 20-мартка карата маалыматы боюнча, өлкө аймагында 410 адам обсервацияда, 1251 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө; 1309 адам – 14 күндүк карантинден чыгышты. Саламаттык сактоо министрлиги жатак орундардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында.(BKA)

XS
SM
MD
LG