Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 14:20

Четте калган үч миңдей кыргызстандык алып келинет


Учурда коронавируска байланыштуу Орусия, Дубай жана Индиядан Кыргызстанга келе албай жаткандарды алып келүү боюнча учак каттамдары уюштурулууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 21-марттагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, республикалык штаб тарабынан Бишкек жана Ошко чартердик каттамдардын графигин уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган.

Каттамдарды “Аэрофлот”, “Урал аба каттамдары”, “Fly Dubai” авиакомпаниялары ишке ашырат.

21-мартта кечке чейин дээрлик 12 каттам учуп келет, 22-мартка – 8, 23-мартка 5 же 6 каттам мерчемделди.

“Аталган рейстер менен үч күндө чет өлкөлөрдөн 3000ге жакын кыргыз жаранын алып чыгып кетебиз. Дагы калып калгандар болсо, кошумча каттамдарды уюштурабыз”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Буга чейин коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр чек араны жапканына байланыштуу Орусия, Индия, Египеттеги жүздөгөн адамдар мекенине келе албай жатканы белгилүү болгон. Алар өкмөттөн кошумча авиакатттамдарды уюштурууну суранышкан.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG