Баткен облусунда коронавирус жуктуруп алган адам аныкталганына байланыштуу Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди.
Мындай чечимди Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кабыл алган. Учурда аталган айылдарда блокпосттор коюлуп жатат. Бул айылдарда 29 миңге жакын адам жашайт.
Бүгүн Баткен облусундагы Самаркандек айылынын тургуну коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда облус боюнча 35 киши обсервацияга жаткырылды. Төрт адам изоляцияга алынды.(BkA/JsA)