Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстанда билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн


Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында, учурда мектептер менен жогорку окуу жайлары 8-апрелге чейин каникулга тараган.

Өмүров окуу жылы жай айларына чейин узартылбай турганын, учурда Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруп жатканын маалымдады.

“Биздин максат – Интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенжерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, - деп билдирди Нурлан Өмүров.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат.

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана окуу жайлар 16-марттан тарта кезексиз каникулга тараган. Учурда өлкө боюнча 12 адам бул илдетти жугузуп алганы аныкталды.

Бүгүн Коопсуздук кеңеши өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялоо сунушун өкмөткө жолдоду.

Акыркы маалымат боюнча өлкө боюнча 649 адам обсервацияда жатат. Умрадан кайтып келгендер менен байланышта болгон 2330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG