Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Жалал-Абадга карантиндеги инфекцияларды аныктаган мобилдүү лаборатория жеткирилди


Жалал-Абад шаарына алынып келинген мобилдүү лаборатория.
Жалал-Абад шаарына алынып келинген мобилдүү лаборатория.

Шаарга күнүнө 100гө чукул адамдын анализин текшергенге мүмкүнчүлүгү бар карантиндеги инфекцияларды тез аныктай турган мобилдүү лаборатория Ош шаарынан жеткирилди.

Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

“Ал Жалал-Абад облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды жана ал менен бирге атайын даярдыктан өткөн адистер келди. Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт", – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин алынган анализдер Ош жана Бишкек шаарларына жөнөтүлүп турган. Эми анын жардамы менен ушул жерден эле коронавирусту аныктоого болот дешет адистер.

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 60дан ашуун адам обсервацияга жаткырылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG