Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Бишкек ЖЭБи боюнча сот 23-мартка жылдырылды


Бишкек ЖЭБ боюнча жараян
Бишкек ЖЭБ боюнча жараян

Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө жараян 23-мартта улантылат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна бул иште айыпталгандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты билдирди. Анын айтымында, 20-марттагы жараянда көпчүлүк айыпталуучулары акыркы сөзүн сүйлөштү. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова калды. 23-мартта Лаврова акыркы сөзүн сүйлөгөн соң ишти караган соттук коллегия чечим чыгарат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында өлкөдөгү мурдагы бир нече аткаминерге айып коюлган.

Былтыр 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл, алты айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG