Казакстанда коронавирус жуктуруп алган элүү үчүнчү жаран Түркиядан Бишкек аркылуу учуп келген. Бул тууралуу Казакстандын cаламаттык сактоо министринин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.
Анын айтымында, 34 жаштагы адам 17-мартта Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга келип конгон. 18-мартта Казакстандын Алматы облусундагы Каскелең аймагына автотранспорт менен өткөн.
Ал адамдын коронавирус жугузуп алганы 21-мартта аныкталды. Учурда ооруканага жаткырылып, дарыланууда.
Бул жагдай боюнча Кыргызстандагы коронавирустун алдын алуу жана жайылтпоо боюнча республикалык штаб комментарий бере элек.
Казакстанда жугуштуу илдетти жугузган 53 адам катталды. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланды.
Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда коронавируска чалдыккан 28 адамдын ичинде төрт айлык ымыркай бар. Бул илдет менен ооруп жаткандардын эң улуусу 60тан ашкан. Бул тууралуу калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы кабарлады.(BkA)