Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Бишкекте эки адам коронавируска чалдыкканы аныкталды


Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жуктургандардын бири 24 жаштагы жигит Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда жаткан. Экинчиси 26 жаштагы жигит Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайтып келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган.

Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин бул вирус Сузак районунан сегиз, Ноокат районунан үч, Баткен районунан бир кишиге жукканы кабарланган. Алар - Сауд Арабияга умрага барып келгендер.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG