Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Бюджеттик кызматкерлер дем алышсыз иштөөгө өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-мартта кол койду.

Өкмөттөн кабарлашкандай, бул чечим коронавирус инфекциясынын өлкөгө жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык багыттын туруктуу ишин камсыздоо үчүн кабыл алынды.

«Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат», – деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, дем алыш күндөрү да иштей турчу кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.

Муну менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга да 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү иш күндөрү деп жарыяланды. (BTo)

XS
SM
MD
LG