Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Президент куру пиардан алыс болууга чакырды (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус жайылып жаткан шартта жарандарды жеңил пиардан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы жыйынында билдирген. Президент учурда “бардык маселе боюнча эксперттер көбөйгөнүн” белгилеп, жеңил пиардан оолак болууга үндөгөн:

“Жардам бересиңерби, ырдайсыңарбы же ыйлайсыңарбы коомчулукка жарыялабай эле жасасаңар болот. Жасаган ишиңерди, соопчулукту ошол жерде жашаган эл билсе, анын батасы тиет. Эң негизгиси, Кудай билсе болду. Азыр элибиз ар кандай маалыматтан чарчап турган мезгили. Ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, биринчи тартип болсо гана бул жагдайдан чогуу чыгып кетебиз”, - деди президент.

Кыргызстанда коронавируска каршы туруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Буга байланыштуу билим берүү жайлары, соода борборлору жабылып, мечиттерге жума намаз окууга убактылуу чектөө киргизилген.

Буга чейин социалдык тармактарда диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун мечитте жума намаз окулбай калганына капа болуп, ыйлап жаткан видеосу тараган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG