Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Балыкчы шаарынын кире беришине блокпосттор коюлду


22-мартта саат 08:00дөн баштап Балыкчы шаарынын кире беришине блокпост коюлуп, күчөтүлгөн режимде иш башталды. Бул тууралуу облустук бийликтин өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жайда Ысык-Көл облусунун аймагына кирген ар бир айдоочу, жүргүнчүлөр каттоодон өтүп, тизмеси түзүлүүдө жана тепловизор менен ар бир адамдын дене табы текшерилип жатат.

Мындай аракет коронавирусту жайылтпоо максатында жасалууда. Буга чейин бир катар облустардын кире беришине көзөмөл посттору коюлган эле.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Анын шарттарына ылайык бир катар чектөөлөр киргизилди. Өзгөчө кырдаал өлкө аймагында 22-апрелге чейин уланат. Азык-түлүк, дары-дармек жана тиричиликке зарыл товарларды ташыган ишкерлерге тоскоолдук болбойт. (KS)

XS
SM
MD
LG