Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

Жалал-Абадда 59 жерде блокпосттор иштеп жатат


Жалал-Абаддын айылдарына коюлган блокпосттордун бири. 22-март, 2020-жыл.
Жалал-Абаддын айылдарына коюлган блокпосттордун бири. 22-март, 2020-жыл.

Облустун аймагындагы трассада негизинен Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында санитардык пост иштеп жатат. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов “Азаттыкка” билдиргендей, республикалык штабга дагы эки жерге санитардык пост коюу сунушталды. Алар Чаткал-Талас жана Казарман-Нарын жолуна коюлат.

"Райондун, шаарлардын ичинде да жергиликтүү элдин сунушу менен 58 блокпост коюлган. Ал жерде милиция жана элдик кошуун чогуу иштеп жатат. Кирип чыккан автоунаалар дезинфекцияланып жатат", – деди Мирзахмедов.

Сузак районунда коронавирус аныкталган үч адам жашаган үч айыл 18-марттан тартып карантинге алынган. 21-мартта да райондогу төрт айылга ушундай эле эреже киргизилген. Учурда Сузак районунда бул илдетти жугузуп алгандардын саны сегизге жетти.

Өкмөт 22-марттан тарта өлкөгө бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Анын шарттарына ылайык адамдар жашаган аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизилди. Азык-түлүк, дары-дармек жана тиричиликке зарыл товарларды ташыган ишкерлерге тоскоолдук болбойт. (RsK)

XS
SM
MD
LG