Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында бүгүн коюлган блокпосттон текшерүүдөн кийин башка облустарда катталган жарандар артка кайтарылууда. Бул тууралуу атайын штабдын мүчөсү, Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Тилек Курманалиев билдирди. Анын айтымында, мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында киргизилген өзгөчө кырдаалдын алкагында көрүлүүдө.
"Бүгүн таңкы саат сегизден баштап текшерип өткөрүп жатабыз. "Ак-Кеме" экологиялык постуна келгенде ар бир унаанын жүргүнчүсү тепловизордон текшерилип, атайын бланк толтурулуп жатат. Эгер келип жаткан адамдын паспортунда Ысык-Көлдө каттоосу жок болсо артка кетирип жатабыз. Таңдан бери үч адам медициналык жардам алды, алардын дене табы көтөрүлгөн эмес, башка оорунун белгилери болгон",-деди Курманалиев.
Постто бир гана тепловизор болгондуктан узун кезек жаралды. Штабдын мүчөлөрү 23-марттан тарта аймакка кирүү же чыгуу үчүн олуттуу себептер, медициналык атайын көрсөтмө болушу керек деп билдирди.
Буга чейин Бишкекте басма сөз жыйыны маалында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов өлкө ичинде экономикалык ишмердик жүргүзүүгө чектөө болбой турганын билдирген. (KS)