Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Абхазиялыктар жаңы лидерин тандап жатышат


Абхазиядагы шайлоо, 22-март 2020-жыл.
Абхазиядагы шайлоо, 22-март 2020-жыл.

Грузиядан бөлүнүп алган Абхазияда коронавируска байланыштуу кооптонууларга карабастан президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда үч талапкер - вице-президент Адгур Ардзинба, оппозициячыл депутат Аслан Бжания жана мурдагы ички иштер министри Леонид Дзяпшба ат салышууда.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү маалында оппозициячыл талапкер Бжания эки жолу табышмактуу ооруга чалдыкканы белгилүү болду. Анын тарапкерлери мурдагы депутатты ууландыруу аракети болгонун билдирип жатышат. Абхазияда COVID-19 вирусу каттала элек болсо да шайлоо жекшемби күнү өтөрү же кийинкиге жылдырылары бир топко чейин белгисиз болуп турду.

Абхазияда акыркы президенттик шайлоо былтыр сентябрь айында өткөн. Аны ошол учурдагы президент Раул Хажимба жеңип чыкканы жарыяланган. Бирок шайлоонун мындай тыянагы жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Натыйжада Хажимба кызматтан кетип, 22-мартка кайра шайлоо дайындалган.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Мындай чечим аталган аймак менен Тбилисинин ортосундагы куралдуу жаңжалга себеп болгон. Орусия менен Грузиянын ортосундагы 2008-жылкы согуштан кийин Москва Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныган. Бирок Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

XS
SM
MD
LG