Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Коронавирус табылган эки адамдын абалы орточо оор

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус илдети аныкталган бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор, дене табы 38°С көтөрүлүп, кургак жөтөлү бар. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

22-марттагы маалыматка ылайык, коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алардын ичинен алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен байланышта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG