Коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу Кытайдан сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Экспресс-тест Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынды. Бул эсеп коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында ачылган.
Бул тест менен илдетти 20 мүнөттүн ичинеде аныктоого болот. Адистер бул экспресс-тест менен бүгүндөн баштап иштей башташат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мындай тест Кытайда жана Түштүк Кореяда абдан натыйжалуу болгонун көрсөттү. (TSh)