Коронавирус илдетин аныктай турган тест-системадан каалоочулардын баары эле өтө албайт. Бул тууралуу 23-мартта ооруга каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, оорунун белгилери (дененин ысышы, кургак жөтөл) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тест тапшыра албайт.
22-мартта Кыргызстан 5000 экспресс-тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 минута ичинде аныктайт.
Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү.
23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду. (RK)